Жогорку Кеңештин 70-жылдыгына карата уюштурулган “Кыргызстандын парламентинин жана парламентаризмдин өнүгүшү” аттуу илимий-практикалык жыйын 4-6-октябрь күндөрү өтөт. Парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бул конференция Европа Кеңеши жана ПРООН менен бирдикте уюштурулууда. Анда парламенттин азыркы абалы жана аны реформалоонун жаңы жолдору талкууланат. (КЕ)