Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:15

Молдова жетекчиси жээнин банк төрагалыгына сунуштоодон баш тартты


Молдова президентинин милдетин аткаруучу Михай Гимпу уруучулук үчүн айыпталгандан кийин Борбордук банктын төрагалыгына жээнинин талапкерлигин сунуштоодон баш тартты. 43 жаштагы Корнелиу Гимпу банктын башчылыгына көргөзүлгөн жалгыз талапкер болчу. Парламент төрагасы Михай Гимпу азыр мамлекет башчынын милдетин да аткарууда. Депутаттарга кайрылып, ал жээнин банк төрагалыгына адискөйлүгү үчүн сунуш эткенин айтты. Гимпунун сынчылары анын дагы бир жээни Дорин Киртоака Кишинев шаарынын мэр кызматын ээлегенин белгилешүүдө.

XS
SM
MD
LG