Түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын саммити маалындагы жолугушууда өлкө башчылары кыргыз-азербайжан алакаларын мындан ары кеңейтүү, айрыкча соода-экономикалык жаатында өнүктүрүү тууралуу талкуу жүргүзүштү. Өз сөзүндө Илхам Алиев саммиттин ишине катышканы үчүн Курманбек Бакиевге ыраазылыгын жолдоп, жаңы шайланган президент катарында биринчи иш сапары менен Азербайжанга келгени үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Бул күндөрү Азербайжандын Нахичеван шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин 9-саммити өтүп жатат. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бул саммитте түрк тилдүү мамлекеттердин Кызматташтык Кеңешин түзүү тууралуу макулдашуу кабыл алынып, Нахичеван Декларациясына кол коюлары күтүлүүдө. Түрк тилдүү мамлекеттердин 3-саммити 1995-жылы Кыргызстанда өткөн. Биринчи саммит 1992-жылы Түркиянын Анкара шаарында уюштурулган.(SA)