Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Исмаил Исаковдун соту 9-октябрга белгиленди


Бул тууралуу Исаковдун адвокаты Азимбек Бекназаров маалым кылды. 9-октябрда Бишкек гарнизондук сотунда улана турган сот жараянында Исаковдун ишин жаңы дайындалган судья карайт. Жогорку Сот өз кезегинде ишти алып барып жаткан судья Бектемировго ишеним көрсөтпөө тууралуу арызды канааттандырып берген.

Оппозиция лидерлеринин бири Исмаил Исаков өткөн жылы 10-октябрда Коопсуздук кеңештин катчысы кызматынан бошотуу тууралуу арызын президент Курманбек Бакиевге жазып берген. Арыздын себеби катары президенттин ички жана тышкы саясатына макул эместик билдирилген. Мына ошол арыздан кийин Исмаил Исаковго каршы кылмыш иши козголуп, ал коргоо министри кезинде кызмат абалынан кыянат пайдаланган, мамлекеттик каражатты ыксыз сарптаган деген айыптар коюлган эле.(SA)

XS
SM
MD
LG