Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:28

Латын арибине өтүү долбоору сунушталууда


Мындай демилге менен И.Арабаев атындагы мамлекеттик университетинин ага окутуучусу, эл аралык билим берүү адиси жана саясат талдоочу Аскарбек Мамбеталиев чыгууда. Анын айтымында, компьютердик технологиялар заманында бардык жаңы маалыматтар оболу латын арибиндеги тилдерде чыгып жатат. Анын үстүнө компьютер тили да дал ушул латын арибинде же башкача айтканда англисче болуп жаткандыктан, латынчага өтүү кыргыз коомчулугуна абдан чоң мүмкүнчүлүктөрдү бермекчи.

Айта кетсек, өзү иштеп чыгып, коомчулуктун назарына сунуштап жаткан жаңы кыргыз алфабитинде А.Мамбеталиев оболу компьютерде жазуунун ыңгайлуулугу эске алынганын, ошондой эле бардык тыбыштарга өзүнчө тамга ыйгарылганын көрсөтөт. Маселен, ал иштеп чыккан жаңы алфабит боюнча кыргызча Өө, Үү, ң жана й тамгаларын латын арибиндеги O, U, N жана i тамгаларынын жанына апостроф белгисин коюу аркылуу жазуу сунушталат. Ал эми жумшак г менен каткалаң г тамгасын өз-өзүнчө белгилер аркылуу көрсөтүү каралган. А.Мамбеталиев иштеп чыккан кыргыз тилинин латынчага таянган жаңы арибинде жумшартуу белгисин колдонбоо сунушталып, жалпы 40 тамга берилген. (IJz)

XS
SM
MD
LG