Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:23

Кытайдын өкмөт-башчысы Вен Жибао Түндүк Кореяда


Аны аба майданынан жалпы коомчулукка өтө сейрек чыкчу Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ир өзү тосуп алды. Үч күндүк сапары учурунда Вен Жибао түндүк кореялык жетекчиликти анын өзөктүк программасы боюнча алты тараптуу талкууларга кайтууга үндөй алат го деп үмүттөнүп жатышат. Пхеньян бул сүйлөшүүлөрдөн апрелде баш тарткан. Бир айдан кийин жаңы өзөктүк сыноолорду өткөрдү. Жибао, андан сырткары, экономика, соода-сатык, туризм жана билим берүү боюнча келишимдерге да кол коеру күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG