Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:28

Ысык-Көлдө кыргыз парламентине арналган жыйын ишин баштайт


Бүгүн жана эртең боло турган иш-чара Жогорку Кеңештин 70 жылдыгына байланыштуу кабыл алган токтомунун алкагында өтүп жатат. Жыйынды Еврокеңеш ПрООН менен чогуу уюштуруп, ага депутаттар, жарандык коом өкүлдөрү, тиешелүү адистер катышмакчы. Талкууда кыргыз парламентин реформалоо маселеси да козголушу ыктымал.

Азыркы парламент Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан берки төртүнчү чакырылыштагы парламент. 2007-жылы 16-декабрда партиялык тизме менен шайланган Жогорку Кеңеш депутаттарынын басымдуу бөлүгүн бийликтин “Ак жол” партиясынын мүчөлөрү түзөт. Андан тышкары парламентте Социал-демократтар жана Коммунисттер партиясынын өкүлдөрү да бар. 2007-жылы 16-декабрда өткөн парламенттик шайлоо эл аралык жана жергиликтүү байкоочулар тарабынан “мыйзам бузуулар менен өткөн” деп белгиленген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG