Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:30

Махмуд Ахмадинежад : Түшүнүксүз суроолор калган жок


Иран президенти Махмуд Ахмадинежаддын айтымында, Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик – МАГАТЭ менен кызматташтыктан улам анын өлкөсүнүн өзөктүк программасы боюнча түшүнүксүз нерселер калган жок. Иран лидери бул тууралуу МАГАТЭнин башчысы уюмдун инспекторлору Ирандын уран байытуу боюнча жаңы эле ачыкка чыгарылган заводун 25- октябрда текшерерин жарыялаган соң билдирди. Кум деген шаарда Ирандын уран байытуучу экинчи заводу бар экендиги өткөн аптада гана белгилүү болгон. МАГАТЭнин башчысы Мохаммад эл-Барадейи кечээ Тегеранда барган учурунда белгилегендей, ал Ирандын өзөктүк маселе боюнча саясатында Батыш менен тирешүүдөн ачыктыкты жана кызматташтыкты көздөй бурулууну байкады. МАГАТЭнин башчысы кечээ Тегеранда Ирандын өзөктүк программаны тейлеген мекемесинин башчысы Али Акбар Салехи менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Батыш өлкөлөрү Иран өзөктүк программасына жамынып, өзөктүк курал жасоону көздөп жатат деп шек санайт. Тегеран мындай ырастоолорду четке кагат.

Бул аралыкта Вашингтондон АКШ президентинин Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жеймс Жонс Ак үй Ирандын өзөктүк программасына байланышкан маселеде жылышты көрүп жаткандыгын, бирок али алдыда көп нерсе жасалуусу керектигин белгиледи.

Ал эми “Нью-Йорк” таймс гезити ушул ишембидеги санында МАГАТЭнин жашыруун баяндамасында Иран өзөктүк бомба жасагыдай жетиштүү маалыматка ээ деген тыянак чыгарылганын кабарлады.

XS
SM
MD
LG