Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев ИИМ азыр бул боюнча баардык документтерди даярдап койгонун, тийиштүү органдар менен кеңешүүлөр жүрүп жатканын билдирди. М. Конгантиев 2-октябрда мектеп окуучуларынын арасындагы кылмыштуулукту азайтуу боюнча жыйын өткөрдү. Анда Кыргызстандын дээрлик баардык аймактарында балдар арасындагы кылмыштуулук 30 пайызга көбөйгөнү маалымдалды. Өспүрүмдөр айрыкча оор кылмыштарга аралашып жатканы баса белгиленди. (EBM)