Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:07

Грецияда оппозиция жеңди


Грецияда кечээки парламенттик шайлоодо социалисттер жеңди. Георгиос Папандреу жетектеген ПАСОК партиясы азырынча добуштардын 44 процентин алды. Бийликтеги консерваторлорго 34 проценттей добуш тийди. Премьер-министр Костас Караманлис өкмөт башчылыктан гана эмес, "Жаңы демократия" партиясынын башчылыгынан да кетерин жарыялады. Папандреунун чоң атасы жана атасы өз кезинде Грециянын өкмөтүн жетектешкен. Шайлоо алдында социалисттердин лидери экономиканы көтөрүү үчүн 4,4 миллиард доллар бөлүп берүүгө убада кылып келди. Караманлис болсо мамлекеттик кызматкерлердин маяналарын жана пенсияларды көтөрбөө программасын жактайт.

XS
SM
MD
LG