Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:22

Пакистан: талиптердин жаңы лидери интервью берди


Пакистандагы талиптердин жаңы лидери уруулар жашаган аймакта кабарчылар менен жолугушту. Буга чейин Хакимулла Мехсуд каза болду деген кабарлар тараган эле. Топтун мурдагы жетекчиси Байтулла Мехсуд августта америкалык аба соккусунан набыт кеткен. Ассошейтед Пресс агенттигинин маалыматына ылайык, Хакимулла Мехсуд жекшембиде кабарчылардын чакан тобу менен кездешип, интервьюну анын эртеси жарыялоо шартын койгон. Ал америкалык жана пакистандык аскерлердин Ооганстан менен чек арадагы согушкерлерге каршы чабуулдарына жооп кайтарылаарын айтты. Пакистандын телеканалдарынын бири болсо Мехсуд тартылган тасманы көргөздү.

XS
SM
MD
LG