Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:04

Алдыңкы мугалимдер сыйланышат


Бүгүн Улуттук филармонияда боло турган мугалимдер күнүнө арналган республикалык форумда түрдүү сынактардан жеңүүчү болуп табылган мыкты мугалимдерге жана алдыңкы билим очокторуна сыйлыктарды мамлекет башчы К. Бакиев тапшырат. Сентябрь айынын экинчи жарымында «Мыкты мугалим», «Мыкты мектеп, «Билим берүүнүн башкаруунун мыкты органы», «мыкты спорттук зал», «Мыкты спорттук аянтча» аталыштары боюнча сынактардын республикалык баскычы өткөрүлгөн. Аталган сынакта “Мыкты мугалим” деп табылган педагог 150 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланат.

Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча жалпы билим берүүчү мектептерде 4 миңге чукул мугалим жетишпейт. Негизинен чет тил, орус тил, математика, физика жана информатика сабактарынын окутуучулары аз.(ZKo)

XS
SM
MD
LG