Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:10

Э. Арсалиев: Транзиттик борбор ар бир учак үчүн акы төлөөгө тийиш


Мындай пикирин ЖКтин Эл аралык иштер жана парламенттик кызматташтык комитетинин төрагасы, "Ак жол" фракциясынын мүчөсү Эрик Арсалиев журналисттерге билдирди. Кечээ ал жетектеген комитет француз жана кыргыз өкмөттөрүнүн ортосунда Бишкектеги Транзиттик борбордо Франциянын аскерий аба тобун жайгаштыруу боюнча келишимди, ошондой эле кыргыз жана испан өкмөттөрүнүн ортосунда кызматташуу боюнча келишимди ратификациялоо маселесин карап, ага макулдугун берген. Комитет төрагасы Эрик Арсалиев келишимдерде жалпы ижара акысы тууралуу гана жазылып, ал эми учактардын учуп-конгону үчүн акы төлөө жагы каралбаганына каршы чыккан.

АКШ баштаган 11 өлкөнүн терроризмге каршы күрөшүү альянсынын "Манас" аскердик аба базасын Кыргызстанда жайгаштыруу тууралуу келишимдерди токтотууга Жогорку Кеңеш үстүбүздөгү жылы 18-февралда макулдугун берген. Июнь айынын аягында база башка келишимдин негизинде АКШнын Ооганстанга аскердик эмес багыттагы жүктөрдү ташуучу Транзиттик борбору болуп түзүлгөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG