АКШнын Ашхабаддагы элчилиги тарабынан камтамачылык Кыргызстан жана Болгарияда Америка менен байланышы бар университетте окуган студенттердин өлкөдөн чыгуусуна тыюу салганына байланыштуу билдирилди. Америкалык тарап түркмөн бийлигинин жогорудагыдай чечимин университет студенттеринин эркиндигин чектөөнүн улантылышы катары баалаган. Түркмөн бийликтери студенттердин четке чыгуусуна салынган тыюу боюнча ачык билдирүү жасаган эмес. Бишкектеги Борбор Азия Америка университетинин түркмөнстандык студенттер тобу сабакка келе албай жатканы өткөн айда эле белгилүү болгон.