Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:03

Түндүк Корея алты тараптуу сүйлөшүүгө кайтууга дилгир


Түндүк Кореянын өзөктүк программасы боюнча алты тараптуу сүйлөшүүгө кайтуусу мүмкүн экендиги тууралуу жолбашчы Ким Чен Ир Пхеньянда Кытайдын премьер- министри Вэнь Цзябао менен кездешкен учурда билдирген. Бул тууралуу Түндүк Кореянын расмий кабар агенттиги маалымдады. Бирок ал маалыматка караганда, Ким Чен Ир Түндүк Кореянын аракети АКШ менен пландалган эки тараптуу сүйлөшүүдөгү “прогресске” көз каранды болорун кошумчалаган. Түндүк Корея менен эки тараптуу сүйлөшүү мүмкүн экендигин Вашингтон билдирген, бирок АКШ алты тараптуу сүйлөшүү да жанданат деген үмүттө.

Түндүк Кореянын өзөктүк программасы боюнча ал тараптуу сүйлөшүүгө анын өзүнөн тышкары АКШ, Кытай, Орусия, Жапония, Түштүк Корея катышып келген. Пхеньян бул сүйлөшүүдөн быйыл апрелде чыгып, анын артынан май айында экинчи өзөктүк сыноосун өткөргөн.

XS
SM
MD
LG