Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:19

Ооганстандан эрте кетүү АКШнын күн тартибинде жок


Бул тууралуу америкалык жогорку даражалуу расмий өкүлдөр билдиришүүдө. Алардын айтымында, президент Барак Обама Ооганстандан эрте кетүүнү эмес, тескерисинче кийинки кадамдарды чечүү максатында АКШнын аймактагы стратегиясын кайра кароо үчүн убакыт алды.

СNN телеканалына чогуу берген интервьюсунда Коргоо министри Роберт Гейтс менен Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон АКШнын Ооганстандагы негизги максаты мурдагы эле бойдон калганын жана ал – «ал-Каида» террор түйүнүн талкалоо экенин белгилешти. Андыктан, АКШнын өлкөдөн эрте кетүү боюнча эч кандай планы жок.

Роберт Гейтстин жана Хиллари Клинтондун пикиринде, президент Обама Ооганстанга кошумча дагы миңдеген жоокерди жөнөтүү керекпи же жокпу деген маселени чечүүнүн алдында убакыт алуу менен кырдаалды иликтеп жатканы туура.

Ооганстанга дагы кошумча 40 миң аскерди жөнөтүү керекпи же жокпу деген маселе боюнча талкуулар кайрадан иликтенип жаткан стратегиянын эң башкы элементи.

Учурда Ооганстанда АКШнын 60 миңден ашуун жоокери бар. Президент Барак Обама кырдаалды бүгүн Конгресстин мүчөлөрү менен талкуулаган жатат. Ал эми апта соңунда коопсуздук боюнча кеңешчилери менен жыйын курмакчы.

XS
SM
MD
LG