Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:14

ЮСАИД Кыргызстанды колдоосун улантат


АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча агенттигинин (ЮСАИД) башчысынын орун басары Джеймс Майкл бул тууралуу кечээ кыргыз тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев менен жолугушууда билдирди. Анда тараптар аталган агенттиктин Кыргызстандагы программа, долбоорлорун ишке ашырууга байланышкан маселелерди талкуулашты. К. Сарбаев кечээтен бери АКШда иш сапар менен жүрөт. ТИМдин маалымат кызматы министр АКШнын Мамлекеттик катчылыгы, Коргоо министрлиги, Улуттук коопсуздук боюнча кеңешинин жана Конгресстин өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрөрүн, Карнеги борборунда Борбор Азиядагы аймактык коопсуздук боюнча сөз сүйлөй турганын кабарлаган. К. Сарбаевдин иш сапары 7-октябрда жыйынтыкталат. (EBM)

XS
SM
MD
LG