Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:48

Балыкчы окуясы боюнча сот башталды


Азаттыктын көлдөгү кабарчысынын маалымдашынча, анда соттолуп жаткандар көрсөтмө берип жатышат. Адвокат Сартбай Жайчибеков милициянын тергөө тобунун мүчөлөрү да күбө катары сураларын "Азаттыкка" билдирген. 23-июлда президенттик шайлоо күнү Балыкчыдагы тополоңдо он тогуз киши камакка алынган. Аларга массалык баш-аламандык уюштурууга аракет жасады, конституциялык түзүлүшкө шек келтирди жана шайлоонун өтүшүнө жолтоо болду деген айып тагылууда. Оппозициялык күчтөр бул иш-аракеттерди саясий куугунтук катары баалап жатышат. Бул окуя боюнча сот 11-сентябрда башталган. (EBM)

XS
SM
MD
LG