5-октябрдан бери Кошмо Штаттарда жумуш сапар менен жүргөн Кыргызстан тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев дүйшөмбү күнү АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Роберт Блейк менен жолугушту. Анда эки өлкөнүн саясий, соода-экономикалык жана аскердик-техникалык багытта кызматташуу маселелери талкууланып, аларды өнүктүрүү боюнча план такталды. Жетишкен келишимдерди турмушка ашыруу үчүн кыргыз-америка кызматташуусу боюнча комиссия түзүп, анын алгачкы отурумун декабрь айында Бишкекте өткөзүү чечимине келишти. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты. (AiT)