Бул туурасында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Касымбек Мамбетов медициналык кызматкерлердин Оштогу жыйынында ачыктады. Анын ырасташынча, ушул жылдын сегиз айынын жыйынтыгына караганда, Ош облусунда – 17, ал эми Ош шаарында 4 аял төрөт маалында жана андан кийин жарык дүйнө менен коштошкон. Бул жерде айымдардын тагдырына кайдыгерлик кылган ак халатчандардын да айыбы чоң, ошондуктан облустук жана райондук бир катар жетекчилерди кызматынан четтетүү жагы тиешелүү мекемелерге сунушталды. Мындан тышкары энелерди өлүмгө дуушар кылган бир нече фактылар прокуратурага өткөрүлүп берилмекчи. Ош облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчиси, медицина тармагы боюнча аймактык координатор Валентина Акимова аталган окуяларда дагыгерлердин күнөөсү он пайыз гана экендигин белгилеп, кадрлардын тартыштыгы да буга себеп болуп жаткандыгын билдирди. (ATo)