Түндүк Корея ядролук программасын талкуулоо үчүн алты тараптуу сүйлөшүүлөрдү жандантууга даяр. Ошол эле маалда Пхеньян Вашингтон менен өзүнчө сүйлөшүү да өткөрүү шартын койду. Бул тууралуу Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ир Кытай премьер-министри Вен Жибао менен жолугушуудан кийин билдирди. Түштүк Кореянын тышкы иштер министри Ю Мунг-хван бул кабарды этияттык менен кабыл алды. Апрелде Пхеньян Кытай, Япония, Россия, Түштүк Корея жана АКШ катышуусундагы сүйлөшүүлөрдөн чыкканын жарыялап, май айында экинчи атомдук сыноосун өткөргөн. Вашингтон Түндүк Корея менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр мүмкүн экенин айтып, алты тараптуу сүйлөшүүлөрдүн да жанданышын кааларын белгиледи.