Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:08

Исламабаддагы кол салуунун артында талиптер турат


Пакистандагы талиптер Улуттар уюмунун Азык-түлүк программасы жайгашкан имаратта болгон жардыруу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды. Кечээ Исламабадда орун алган кол салуудан 5 киши набыт кеткен. Талиптердин маалымат өкүлү Азам Тарык чет өлкөлүктөрдүн гуманитардык жардамы мусулмандардын кызыкчылыгына дал келбейт деп билдирди. Ал ошондой эле БУУ Ооганстан менен чек ара аймагында орун алып жаткан зомбулукту көз жаздымда калтырууда деп айыптады. Сөз болгон чөлкөмдө Пакистан армиясы жана америкалык пилотсуз учактар маал-маалы менен согушкерлерге каршы сокку уруп келатышат. Дүйшөмбү күнкү жардыруудан кийин БУУ Пакистандагы кеңселерин убактылуу жапты.

XS
SM
MD
LG