Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:33

Франция жана Казакстан келишимдерге кол коюшту


Франция менен Казакстан энергия тармагындагы кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюшту. Ага ылайык, Франциянын Total жана GDF Suez фирмалары Казакстандын Хвалинское газ кенин өздөштүрүүгө катышмакчы. Келишим Франциянын мамлекет башчысы Николя Саркозинин Астанадагы сапары маалында кол коюлду. Жогоруда айтылган эки компания долбоорго 1 миллиард доллар инвестиция салышат. Каспийдеги Хвалинское кенинен 2016-жылдан тарта жылына 9 миллиард куб метр газ алына баштайт деп күтүлүүдө. Бүгүн кол коюлган дагы бир документке ылайык, франциялык компаниялардын консорциуму Кашаган мунай кени үчүн куур жаткыруу ишине катышмакчы. Эки өлкө ошондой эле Ооганстанда кызмат өтөгөн франциялык аскерлер Казакстан аймагын транзит катары колдоно алышат деп макулдашышты.

XS
SM
MD
LG