Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:20

А.Мадумаров Казакстан элчисин кабыл алды


Бүгүн Кыргызстан Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров Казакстандын Кыргызстандагы толук ыйгарым-укуктуу элчиси Б.Исабаевди кабыл алды. Жолугушууда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Казакстанда боло турган “Биргелешип аракеттенүү-2009” машыгуусуна даярдык көрүү маселеси талкууланды. Андан сырткары кыргыз-казак мамилелери жана алардын өнүгүшү жөнүндө сөз болгон. Казак элчиси кыргыз жана казак элдеринин достугу жөнүндө документалдык фильмди тартуу долбоорун Адахан Мадумаровго тааныштырган. Бул тууралуу Кыргызстан Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын аппаратынан маалымдашты. (AiT)

XS
SM
MD
LG