Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:44

Сот президент Кадыровдун арызын канааттандырды


Москванын райондук соту Чеченстан президенти Рамзан Кадыровдун ар-намысын коргоо арызын канааттандырды. Сот "Мемориал" укук коргоо борборунун жетекчиси Олег Орловду Кадыровдун аброюна шек келтиргендиги үчүн 70 миң рубл (2 миң 300 доллар) төлөөгө милдеттендирди. Кадыров 10 миллион рубл төлөттүрүүнү өтүнгөн. Орлов чечен президенти укук коргоочу Наталья Эстемированын өлүмү үчүн жооптуу деп билдирген эле. "Мемориалдын" Чеченстандагы бөлүмүн жетектеген Эстемирова быйыл июлда киши колдуу бөлүп өлгөн. Ал жумурияттагы укук бузуулар жөнүндөгү билдирүүлөрү менен Кадыровдун ачуусун катуу келтирген.

XS
SM
MD
LG