Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:26

Орус парламенти Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу үчүн каражат бөлдү


“Электр станциялары” АКнун жетекчисинин орун басары Пулат Именовдун 6-октябрда ЖК отун-энергетика жана жер байлыктарын пайдалануу комитетинде билдиргени боюнча Орусиянын Мамлекеттик Думасы келерки жылдын бюджетинде Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу үчүн каражат бөлдү. Пулат Именовдун белгилөөсү боюнча ГЭСтин курулушу үчүн техникалык-экономикалык негиздерин жүргүзүүгө Кыргызстан тарап даяр, болгону буга Орусиялык “Интер РАО ЕЭС” ишканасы каражат бөлүшү гана калды.

Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу тууралуу кыргыз-орус келишимине ылайык, курамына Кыргызстандык эки, Орусиялык үч өкүл кирген Директорлор кеңеши август айында түзүлгөн. Кыргызстан тараптан “Улуттук электр станциялар” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Сапарбек Балкыбеков жана “Жогорку чыңалуудагы электр линиялары” акционердик коомунун жетекчиси Автандил Сыдыков кирген. Учурда анын аткаруучу башкармалыгы куралып жатат. Бул тууралуу “Улуттук электр станциялар” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Сапарбек Балкыбеков “Азаттыкка” билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG