Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:42

Алтын баасы асмандоодо


Нью-Йорк биржасындагы кечээги соодада бир униций алтын 1045 долларга бааланды. Алтындын буга чейинки эң жогорку баасы былтыр мартта катталган эле. Анда бир униций 1033 долларга чейин сатылган. Баанын азыркы өсүүсү америкалык доллар нарксызданат деген кооптонуулар менен байланыштырылууда, Алтын кымбатаар алдында, кечээ британдык “The Independent” гезити араб өлкөлөрү, ошондой эле Кытай, Орусия, Жапония жана Франция мунай соода-сатыгында доллар менен эсеп-кысап жүргүзгөндөн баш тартуу үчүн бул маселени талкуулоого киришкенин жазып чыккан эле. Бирок кийинчерээк мындай маалыматты сөз болгон өлкөлөр төгүнгө чыгарышты.

XS
SM
MD
LG