Чеченстандагы адам укугун бузуулар менен коррупциянын бетин ачып, Орусиянын ал кездеги президенти Владимир Путиндин саясатын кескин сынга алып келген Анна Политковская 2006-жылдын 7-октябрында Москвадагы батири жайгашкан үйдүн кире беришинде атып өлтүрүлгөн. Тергөө органдары журналистти өлтүрүүгө катышы бардыгын үчүн үч адамга айып койгон. Бирок атууга буйрук берген ким экендиги азырынча аныкталбай жатат жана түздөн-түз журналистти атты деп шектелген адам да кармала элек. Тергөө органдарынын ишениминде, ал Орусия аймагынан тыш жакта жашырынып жүрөт. Политковскаянын кызы менен уулу кечээ бийлик толук жана адилет тергөө жүргүзүүгө кызыкдар эмес болгондой таасир жаралып жатканын белгилөө менен энесин өлтүргөн адамдар жоопко тартыларынан үмүт үзө башташкандарын билдиришти. Бүгүн Орусиянын бир катар шаарларында Анна Политковскаяны эскерүү иш –чаралары өтөөрү күтүлүүдө.