Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:42

Жалал-Абад газга карыз, көмүргө да карыз


Облустун Майлуу-Суу шаарындагы электр шамдарын чыгаруучу ишкана Өзбекстандан алган газ үчүн 55 миллион сомдук карызын кантип төлөөрү белгисиз. Газга 5 миллион сом бересе болгон калктан бир жарым миллион сом топтолду. Газдын жоктугунан электр тогуна күч келүүдө. Мектептер менен ооруканаларга көмүр ташуу ортолоп калды. Аларга отун-көмүр көбүн эсе карызга ташылууда. Ага Каржы министрлигинин көмүргө каралган каражаттарды толук төлөбөй, тоолуу мектептерди 22 пайыз гана каржылаганы себеп болууда. Акчанын тартыштыгынан 28 мектеп жана эки оорукана электр тогу менен жылытууга өтө элек. (YA)

XS
SM
MD
LG