Мындай маалымат Оштогу СПИДке каршы күрөшүү борборунун баш дарыгери Элмира Нарматовадан алынды. Анын айтышынча, акыркы сегиз айдын ичинде Ош облусунда 484 жана түштүк борборунда 591 киши сакайгыс илдетке чалдыккандыгы аныкталды. Булардын арасынан 69 пайызы ийне сайынуу, 23 пайызы жыныстык катнаш аркылуу оору жуктурган. 2001-жылга салыштырганда эркек-аялдын ортосундагы жыныстык мамиледен улам сыркоологондордун саны бир жарым-эки эсеге көбөйдү. Жергиликтүү серепчилердин пикиринче, СПИД дартын тетири рекламалап тыюу кыйын, ошондуктан, бул жаатта калкты агартуу жана алдын алуу чаралары гана үзүрлүү болмок. (АТо)