Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:27

Нарында депутаттар чыр-чатактардын тамырын изилдешти


«Naryn.kg» медиа борборунда Нарын облусунун 5 районунан келген 20 га чукул айылдык райондук кеңештин депуттары облустун аймагынан чыр-чатактарды алдын алуу үчүн алардын өзөгүн изилдешти. Анда 5 маселе: мектеп рекетчилиги, кен байлыктарды казуу, жайыт жерлер, өлүм жазасына тартылгандар үчүн шаарга салына турган түрмө, башка динге өтүү, шайлоо нааразылыктары тандалып, аларды чечүү жолдору сунушталды. Нарын райондук кеңештин депутаты Улан Жаанбаевдин айтымында, көтөрүлгөн маселелерди чечүү баары бир келип жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына эмес, жогорку бийликтегилерге такалат. Андыктан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бийликти берүү реформасы талапка ылайык ишке ашпай жатат. Мисалы, «Жетим- Тоого» чалгындоо иштерин жүргүзбөөгө жергиликтүү бийлик каршы болгону менен жогору жак жол берип жатат. Жыйынтыгында жергиликтүү бийлик органдарына резолюция кабыл алынды. Аталган иш-чараны ПРООНдун «Тынчтык жана өнүгүү» программасынын каржылык колдоосунда «Тынчтык» бейөкмөт уюму уюштурду. (JI)

XS
SM
MD
LG