Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:06

Ооганстандагы президенттик шайлоонун жыйынтыктары БУУнун маалыматына дал келбейт


“Вашингтон пост” гезити жазгандай, ооган бийликтери жарыялаган жыйынтыкта айрым жерлерде Улуттар уюмунун эсебине караганда 100 миң шайлоочу, же андан да көбүрөөк кошулуп калган. Түштүктөгү Пактика вилайетинде Улуттар уюмунун байкоочулары 35 миң киши добуш бергенин каттаса, расмий Кабул ал жерде 212 миң адам шайлоого катышып, көпчүлүгү Хамид Карзайды колдогонун билдирген. Өткөн жумада Улуттар уюмунун Ооганстандагы атайын өкүлүнүн орун басары Питер Гэлбрейт добуштар бурмаланганы тууралуу пикирин айткандан кийин иштен бошотулган эле.

XS
SM
MD
LG