Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:20

Бишкекте кыргыз-казак сүйлөшүүсү соңуна чыкты


Бүгүн Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында болгон кыргыз өкмөт башчысы Игорь Чудинов менен казак өкмөт башчысы Карим Масимовдун сүйлөшүүсү соңуна чыкты. Бул тууралуу Игорь Чудиновдун маалымат катчысы Айбек Султангазиев “Азаттыка” билдирди. Маалыматка караганда, сүйлөшүүдө казак тарап кыш мезгилинде Кыргызстанды көмүр жана кара май менен камсыздоого салымын кошууга даярдыгын билдирген. Өз кезегинде Кыргызстан Ысык-Көлдөгү казак пансионаттарынан жер үчүн ижара акысын ички баада алууга макулдук берди. Андан сырткары тараптар Өзбекстандын Борбор Азиядагы бирдиктүү электр алкагынан чыгуу аракетине байланыштуу Датка-Кемин-Алма-Ата жогорку чыңалуудагы электр линиясын куруу маселесин талкуулашты. (AiT)

XS
SM
MD
LG