Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:59

Олимпиадалык резерв мектеби ИИМдин текшерүүсүндө


Олимпиадалык резерв мектебине балдар кантип кабыл алынганы текшерилип жатат. Бул тууралуу ИИМ министри Молдомуса Конгантиев 7-октябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди. М. Конгантиев олимпиадалык спорт мектеби кылмыш дүйнөсүнүн Бишкектеги төбөлүнүн көзөмөлү алдында турат, деп маалымдады. Министрдин айтуусунда олимпиадалык резерв мектеби менен №38 мектеп-гимназиясы окуучуларынын ортосунда чыккан чатактан кийин аталган спорт мектебинин окутуучулар жамааты, жетекчилиги менен мектептин тарбиялануучуларын кылмыш чөйрөсүнөн ажыратуу аракетинде иш-аракеттер жүрүп жатат.

Бишкектеги Олимпиадалык резерв боюнча республикалык мектептин деректири Кадырбек Эргешев аталган мектептин балдары кылмыш чөйрөсүнө аралашпагандыгын “Азаттыкка” билдирген.

Белгилүү болгондой өткөн жумада №38 мектеп-гимназиясы менен олимпиадалык резерв мектебинин окуучуларынын ортосунда жаңжал чыгып, ал милициянын күчү менен басылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG