Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:16

Дүйнөдө мусулмандар саны бир жарым миллиарддан ашты


Учурда дүйнө мусулмандарынын саны 1,57 миллиардга жетип же ааламдын ар бир төртүнчү адамы өзүн мусулман деп эсептээри жөнүндө Пью форум деген иликтөө тобунун жаңы баяндамасында айтылат. Баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан бул иликтөө уюмунун билдиргенине караганда, алар мындай тыянакка 232 өлкө менен аймактан алынган демографиялык маалыматтарга, эл каттоонун жыйынтыктарына жана башка булактардан алынган эсептерге негизденүү менен келген.

Мурдагы эсептерде дүйнө мусулмандарынын саны 1-1,8 миллиарддын аралыгында деп айтылчы.

Эми жаңы иликтөөнүн жыйынтыгы ислам христиан дининен кийинки экинчи дин экенин да көргөздү. Христиан динин тутунгандар дүйнөдө 2,1-2,2 миллиард деп эсептелинет.

Пью форумдун иликтөөсүнө караганда, Европада жашаган мусулмандар саны 38 миллиондун тегерегинде же башкача айтканда Европа калкынын 5%дайын түзөт. Мусулмандар саны Германияда Ливанга караганда, Кытайда Сирияга, ал эми Орусияда Иордания менен Ливияны бириктиргенден да көптүк кылат.

Жалпы мусулман дүйнөсүнүн 10-12%ын шийиттер, 87-90%ын сунни мусулмандары түзөт. Шийиттердин көбү төрт өлкөдө гана: Иран, Пакистан, Индия жана Иракта жашашат.

XS
SM
MD
LG