Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:53

АКШ президенти Ооганстан жана Пакистан боюнча стратегияны талкуулоодо


Барак Обама Кошмо Штаттардын Ооганстан менен Пакистандагы стратегиясын кайра кароону жана аймакта алдыда көрүлүүчү чараларды талкуулоону улантып, аскерий жана саясий кеңешчилери менен кезектеги жыйынды кечээ өткөрдү.

Үч саатка жакын созулган жыйынга ондон ашуун кеңешчи, анын ичинде вице- президент Жо Байден, мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон, коргоо министри Роберт Гейтс да, армиядагы штаб башчылардын бириккен комитетинин төрагасы Майк Маллен, АКШнын Ооганстан жана Пакистан боюнча атайын өкүлү Ричард Холбрук катышты.

Расмий өкүлдөрдүн айтымында, жыйында көңүл негизинен “ал-Каиданын” жолбашчысы Усама бин - Ладен жана башка согушкерлери, Талибандын жетекчилери жашырынып жүрөп эсептелген Пакистандагы кырдаалга бурулду.

Обама менен анын кеңешчилери кезектеги жыйынга ушул жума күнү кайра чогулганы жатышат.

Барак Обама учурда АКШ менен НАТОнун Ооганстандагы күчтөрүнүн командачысы, генерал Стэнли МакКристалдын Талибанга каршы күрөшүү үчүн дагы кошумча 40 миң аскер жөнөтүү өтүнүчүн кароодо. Азыр Ооганстанда АКШнын 60 миңден ашуун жоокери жайгаштырылган.

Бул аралыкта Талибан тараткан билдирүүдө, башка өлкөлөргө зыян келтирүү согушкерлердин “күн тарибинде” жок экендиги, бирок чет элдик аскерлер Ооганстанда турган кезде уруш улантылаары айтылат.

2001-жылдын 11-сентябпдагы террордук чабуулдун соңунан АКШ жетектеген аскер күчтөрү Ооганстанда операция баштаганына кечээ туура сегиз жыл толуп, тогузунчу жылга аяк басты.

XS
SM
MD
LG