Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:29

Р.Отунбаева: "Кыргызстан кылмышкерлердин торунда калды"


Жогорку Кеңештин депутаты Роза Отунбаеванын айтымында, кылмыш топтору бийликтин жогорку бутактарынан тарта окуу мекемелерине чейин тамыр жайып, коомчулукту курчап алды. “Ички иштер министри айрым окуу жайларын кылмыш топтору көзөмөлдөп жатканын өзү моюнга алып жатат. Бүгүнкү күндө “Ак жол” партиясы да бул проблеманы чечкенге алы жок”,-деди Роза Отунбаева. Ал муну менен бийлик туура эмес жолдо бара жаткандыгын моюнга алып, башкарууну оппозицияга бериш керектигин белгиледи. Ошол эле учурда депутат Рашид Тагаев учурунда оппозициянын лидери Алмазбек Атамбаевге өз жөндөмүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берилгенин, бүгүнкү күндө да өкмөттө оппозициянын өкүлдөрү иштеп жатканын белгилеп, Роза Отунбаеваны өзүн башка депутаттардан жогору койбоосун өтүндү. (AzK)

XS
SM
MD
LG