Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:30

Иш менен камсыз кылуу боюнча жаңы мыйзам долбоору сунушталды


Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Гүлнара Дербишева калкты жумуш менен камсыздоо боюнча учурдагы мыйзам рынок шартынын талаптарына жооп бербей калгандыгын белгиледи. Жаңы сунушталып жаткан мыйзам долбоорундагы негизги өзгөчөлүктөрдүн бири – бул жумушсуздарга берилчү жөлөк пулдан баш тартуу. Депутаттын айтымында, мындай жөлөк пул ишсиз адамга жумуш издөөгө түрткү болбойт. Анын үстүнө учурда минималдуу керектөө бюджети үч жарым миң сом болуп турган чакта 371 сом өлчөмдөгү жөлөк пул ишсиз адамга чоң жардам деле болуп бере албайт. Жаңы мыйзамда жөлөк пулдун ордуна атайы социалдык жумуш орундарын түзүү каралган. Бул учурда пенсия курагындагы, окууну жаңы бүткөн же ден соолугуна байланыштуу иштебей жүргөндөр өзгөчө региондордо ар түрдүү тармактарга убактылуу ишке орношууга мүмкүнчүлүк алышат. Парламенттин отурумунда депутаттар бул мыйзам долбоору боюнча каржылык маселелерди тактоо керектигин эске алып, чоң парламенттик угуу өткөрүү чечимин кабыл алышты. (AzK)

XS
SM
MD
LG