Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:34

Сузакта укугу басмырланган адам арызданууда


Облустагы адам укугун коргоо уюмуна Сузак районундагы чек ара кыштагынын тургунунан арыз түшкөн. Ал Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн бир топ тургуну март айынан бери тынчтык бербей, кой короосун эки жолу талкалап, 45 түп бак-дарагын кыюу менен 150 миң сомдук зыян келтиргенин билдирген. Коңшулары «электр жабдуусун жылдырууга акың жок» деп айыпташып, улуттук- ар намысына шек келтирген. Райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү кылмыш курамы жок деген негизде жабырлануучунун айылдаштарына чара көрүүдөн баш тарткан. Эл ичинде улут бөлүштүрүү өнөкөтү жоюла электигин белгилеген «Адилеттик" уюму мамлекеттик укук коргоо органдарына кайрылуу менен жабырлануучуга жардам кыларын билдирди. (YA)

XS
SM
MD
LG