АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон орус бийликтерин журналисттер өлүмүнө байланыштуу сынга алды. Анна Политковская атылып өлтүрүлгөнүнө 3 жыл толгон күнү Клинтон айым атайын билдирүү таратып, Орусияда журналисттерди өлтүргөн кылмышкерлер табылбай, тергөө аягына чыкпаганы – орус бийликтеринин мыйзамдуулукту орнотуу, коррупцияны ооздуктоо аракеттерине көлөкө түшүрөөрүн белгиледи. Журналисттерди коргоо эл аралык комитети билдиргендей, Орусияда 2000-жылдан бери 18 журналист өлтүрүлгөн, алардын бирөө боюнча гана тергөө аягына чыгып, кылмышкер жазасын алган.