Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:14

Кишинев саммитине Борбор Азиядан жалгыз Кыргызстан катышат


Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстандын мамлекет башчыларынын КМШ президенттеринин саммитине катышпоо себеби ачыкталган жок. Бүгүн болуучу саммитке КР президенти Курманбек Бакиев жөнөп кетти.

КМШ президенттери саммитинин күн тартибине Ата мекендик согуштун 65 жылдыгына байланышкан маселе да киргизилгени айтылган, ага ылайык жыйындын катышуучулары келерки 2010-жылды “Ата мекендик согуш ардагерлеринин жылы” деп жарыялоо маселесин талкууга алышат.

Жыйында каралуучу негизги маселелер: гуманитардык тармакта кызматташуу, коопсуздук маселесин камсыз кылуу, дүйнөлүк каржы-экономикалык кризис жана шериктеш өлкөлөрдүн мындан аркы кызматташуулары болмокчу.

Жалпысы болуп саммиттин күн тартибине 22 маселе киргизилген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG