Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:22

Еврокеңеш өлүм жазасына каршы


Еврокеңеш бардык өлкөлөрдү өлүм жазасынан толук баш тартууга же жок дегенде убактылуу мораторий жарыялоого чакырууда. Бул тууралуу аталган уюмдун өлүм жазасына каршы туруу боюнча эл аралык күнүнө карата тараткан билдирүүсүндө айтылат. Анда өлүм жазасы кылмыштуулуктун азайышын же адилеттиктин бийлешин шарттай албай келе жаткандыгы айтылып, тескерисинче айрым учурларда сот тарабынан кетирилген катачылыктар өлүм жазасына өкүм кылынган адамдардын ар-намысы тебеленген учурларга алып келери белгиленген.

Еврокеңештин маалыматы боюнча өткөн бир жыл ичинде өлүм жазасына өкүм кылынган 2 390 киши жок кылынган, ал эми 8 864 адам өлүм жазасына кесилген.

Учурда дүйнөдөгү 94 өлкөдө өлүм жазасы алынган. Алардын ичинде Борбор Азиядан Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан бар.

Кыргызстанда өлүм жазасы 2007-жылдан тартып өмүр бою түрмөгө отургузуу жазасы менен алмаштырылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG