Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:25

Евробиримдик жана АКШ Босниянын саясатчылары менен масилет курат


Евробиримдик жана АКШ дипломаттары бүгүн Сараеводо Босния -Герцоговинанын саясатчылары менен куруучу жыйындын
максаты - этникалык жактан бөлүнгөн өлкөдөгү саясий чыңалууну басаңдатуу, өлкө реформаларды жана акыр аягында Евробиримдик менен НАТОнун мүчөлүгүн көздөй кадам таштоосуна жардам берүү.
Жыйынга Евробиримдиктен уюмдун учурдагы төрагасы -Швециянын тышкы иштер министри Карл Билдт, ал эми АКШдан Мамлекеттик катчынын орун басары Жеймс Стейнберг баштаган өкүлдөр катышат.

Босния - Герцоговинанын өз ара атаандаш үч улуттук жамаатынын тирешүүсү бир жылдын аралыгында өтүүчү шайлоо алдында күчөөдө.

XS
SM
MD
LG