Ак үйдүн өкүлү Роберт Гиббстын айтымында, АКШнын коопсуздугуна “ал-Каида” террордук түйүнүнө караганда, Талибан туудурган коркунуч азыраак. Роберт Гиббс кошумчалагандай, АКШнын Ооганстан жана Пакистан боюнча саясатын олуттуу түрдө кайра кароону улантып жаткан президент Барак Обама азырынча белгилүү бир чечимдерге келе элек.
Президент Барак Обаманын администрациясы Талибандын кээ бир мүчөлөрү менен иштешүү керекпи же жокпу деген маселени иликтеп жатканын, бирок бир чечимге келе электигин АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон да билдирди.
Ооганстан жана Пакистан боюнча стратегияны жана АКШ менен НАТОнун Ооганстандагы күчтөрүнүн командачысы, генерал Стэнли МакКристалдын кошумча 40 миң жоокер жөнөтүү өтүнүчүн талкуулоону улантуу үчүн Барак Обама аскерий, саясий жана чалгын тармагы боюнча кеңешчилери менен бүгүн дагы бир жыйын өткөргөнү жатат.