Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:41

“Камбар-Ата-1 жана 2 ГЭСтери” жөнүндө мыйзам күчүн жоготту


Жогорку Кеңеш 65 добуш менен ГЭСтери жөнүндөгү мыйзамдын күчүн жоготуу боюнча өкмөттүн сунушун колдоп берди.Бул мыйзамдын күчүнүн жоголушу менен Камбар-Ата ГЭСтерин күрөөгө коюуга жол ачылат. А.Елисеев башында турган Өнүктүрүү фонду ГЭСке насыя бөлүш үчүн мыйзамды өзгөртүү талабын койгон. Өнүктүрүү фондуна Кыргызстан Россиядан мамлекеттин эсебинен алган 300 миллион доллар насыя өткөрүлүп берилген. Коммунисттик жана социал-демократиялык фракциялар мыйзамдын күчүн жоготууга кескин карышылыгын билдирип, бул ГЭСтерди менчиктештирүүгө алып келерин айтып чыгышты. Бирок “Ак жол” фракциясы көпчүлүк добуш менен мыйзамдын күчүн жоготууну колдоп добушун берди.(AiT)

XS
SM
MD
LG