Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:54

И.Исаковдун соту 14-октябрга которулду


Бүгүн Бишкек гарнизондук сотунда Коопсуздук кеңештин мурунку катчысы, азыркы кездеги оппозиция лидерлеринин бири Исмаил Исаковго козголгон кылмыш карала баштап, бирок адвокат Мукар Чолпонбаев ооруканада жатканына байланыштуу ишти кароо 14-октябрга которулду. Бул тууралуу Исмаил Исаков “Азаттыка” билдирди.
Мурунку коргоо министри Исмаил Исаковго кызмат абалынан пайдаланган, бюджеттик каражатты максатсыз сарптаган деген айыптар коюлуп, үч кылмыш иши ачылган. Кылмыш иштер Исмаил Исаков президенттин ички жана саясатына макул эместигин билдирип, Коопсуздук кеңештин катчысы кызматынан бошотуу тууралуу өткөн жылы 10-октябрда арыз жазгандан кийин козголгон. Козголгон кылмыш иштерин Бишкек шаардык гарнизондук соту быйыл жыл башынан тарта карай баштаган. Соттук териштирүүлөр жүрүшүндө И.Исаков жана анын адвокаттары судья Жакыпбек Бектемировго ишеним көрсөтпөй турганын жарыялаган. Бул арызды Жогорку Сот колдоп берген. Эми И.Исаковдун ишин жаңы судья Серик Абиев кароого киришүүдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG