Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:21

Кадамжайда чек арада чыр чыгууда


Кадамжай районундагы Марказ айыл өкмөтүнө караштуу Гүлпиян айылына жакын жерде өзбек чек арачылары аң казышууда. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар бүгүн “Азаттыка” билдирди. Аң казуу учурунда кыргыз дыйкандарынын 100 гектарга жакын жери Өзбекстан тарапта калууда. Жергиликтүү калк нааразы болуп, түшкү саат 14:00 жыйналышка чогулууда. Кыргызстан чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Чолпонбек Турусбеков бул маалыматты иликтеп көрүш керектигин билдирди.(AiT)

XS
SM
MD
LG