Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:15

Өзбекстан чек арада инженердик курулуш иштерин жүргүзө берет


Бул тууралуу Өзбекстан чек ара кызматынын башчысы генерал Мирзоев 30-сентябрда Ферганада кыргыз Чек ара кызматынын жетекчилиги менен жолугушууда билдирген. Бул тууралуу Кыргызстан чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Чолпонбек Турусбеков бүгүн “Азаттыка” маалымдады. Маалыматка караганда, өзбек тарап кыргыз-өзбек чек арасындагы аныктала элек чек ара тилкелеринде инженердик курулуш иштерин жүргүзө берет. Бирок эки өлкөнүн чек араны делимитациялоо боюнча комиссиясы жер Кыргызстанга таандык экенин аныктап чыккан болсо, анда инженердик курулуштарын бузуп кетүүгө даяр. “Бул биз үчүн позитивдик көрүнүш”,- деп белгиледи Турусбеков. Белгилүү болгондой кыргыз-өзбек чек арасында 60ка чукул жерде аныкталбаган участоктор бар. Эки өлкөнүн делимитациялык комиссиясы өткөн жылдын ноябрь айынан бери биргелешкен жыйын өткөрө элек. (AiT)

XS
SM
MD
LG