Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:24

Жалал-Абат облусунда мал доктурлар жетишсиз


Облустун көптөгөн мал доктурлары кесибин өзгөртүп, башка өлкөлөргө иштөөгө кеткен. Алар муну айлык акынын аздыгы, анын көбөйтүлбөгөндүгү менен түшүндүрүүдө. Андыктан облуста мал доктурлары жетишсиз болуп, 1168 ветеринардык адистин ордуна тармакта 535 адам иштөөдө. Мал доктурлар менен облустун айыл өкмөттөрү 30 пайыз камсыздалган. Жогорку окуу жайларында ветеринардык кызматка кызыккан улан- кыздар аз. 2007- жылдагыдан 12 пайызга дейре көбөйгөн облустагы малды жугуштуу ооруларга каршы эмдөөгө мал доктурлар жетишпейт. Быйыл үч жерде малдын күйдүргү илдети, 63 жапайы айбанаттан кутурма оорусу чыккан. Учурда кутурмага каршы эмдөө дарысы жок. Күйдүргүгө каршы эмдөө дарысын облус 70 пайыз алган. (YA)

XS
SM
MD
LG