Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:33

Р. Отунбаева: Обаманын сыйлык алышы - адамзатка чоң үмүт


Депутат айым Роза Отунбаеванын пикиринде, Обаманын бийликке келишинин өзү эле чоң окуя болгон. Анткени бай, күчтүү, ири мамлекетке кара тору инсандын келиши АКШнын өзүндө түшкө кирбеген окуя эле. Ал эми анын президент болуп шайланышы өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн үмүтүн илгерилеткен. Барак Обамага Нобель тынчтык сыйлыгынын берилиши – бул анын прогрессивдүү көз карашта экенин, кризиске байланыштуу оор жүктү аркалап жүргөн чактагы жасаган иштери туура жолдо экендигин айгинелегендик.

Ал эми оппозициянын өкүлү Өмүрбек Текебаев Барак Обаманын бийликтеги бир жылга жетпеген убакыт аралыгында жасаган иштеринин жыйынтыгы чыга электе эле сыйлыкка ээ болушун Нобель комитетинин шашкалактыгы катары баалады. Ал ошол эле учурда Нобель комитети баштаган саясатын токтотпой, андан ары улантсын деген максатта сыйлыкты Обамага чоң аванс катары бериши ыктымалдыгын кошумчалады.

Барак Обама Дүйнөлүк Нобель тынчтык сыйлыгына 205 талапкердин ичинен татыктуу деп табылды. Норвегиялык Нобель комитети Обамага сыйлык эл аралык жаңы климат түзгөндүгү жана өзөктүк куралсыз тынчтык жашоого салым кошкондугу үчүн ыйгарылганын билдирген. (AzK)

XS
SM
MD
LG